Эч нерсеси калбаптыр! Бишкектен чыгып Тегеранда кулаган учактын видеосу

© AFP / HASAN SHIRVANI / MIZAN NEWSБишкектен чыгып Ирандын Тегеран шаарына жакын жерге кулап, күйүп кеткен учак
Бишкектен чыгып Ирандын Тегеран шаарына жакын жерге кулап, күйүп кеткен учак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмада көрүнүп тургандай, учактын сыныктары туш тарапка чачырап кеткен.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкектен чыгып Ирандын Тегеран шаарына жакын жерге кулап, күйүп кеткен учактын видеосу тарады.

​Анда көрүнүп тургандай, учактын сыныктары туш тарапка чачырап кеткен. Айланасында өрт өчүрүүчү кызматтын өкүлдөрү иштеп жатат.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен Иранга баратып кулаган учак эмне ташып баратканы айтылды. Сүрөт
​Press TV телеканалынын маалыматы боюнча учактын ичинде 16 киши болгон. Кырсык кесепетинен самолеттун инженери гана аман калды. Ал эми Fars агенттиги учак кулаган аймактын жашоочуларынын тагдыры азырынча белгисиз экенин жазды.

Бүгүн саат 7.16да Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Тегерандан алыс эмес Карадж шаарындагы "Пайам" аэропортуна конмок. Бирок учкуч адашып ошол эле шаардагы "Фатх" аба майданына конмок болгон. Рулга ээ боло албай учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен да, эл жашаган аймакка кирип кеткен. Ушу тапта окуя болгон жерде бир тик учкуч, 10 өрт өчүрүүчү машина, бир тез жардам унаасы иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0