Ош шаарында түндө ок чыгаргандар ким экени аныкталды. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековНезаконное использования огнестрельного оружия
Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 10-январда болгонун Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Facebook социалдык тармагында достору менен жүрүп асманга ок чыгарган баланын видеосу тарады.

Анын жоругун соцтармактын колдонуучулары сынга алды. Самат Кадырбаев аттуу колдонуучу "Кыргызстандын жаштары дагы эмнеси менен мактана алат?" деп суроо салды.

Ош ШИИБдин маалымат кызматынын билдиришинче, окуя шаардагы Ленин көчөсүндөгү ресторандын жанында болгон. Жүргүзүлгѳн иликтѳѳ, издѳѳ иш-чараларынын натыйжасында балдардын бардыгынын аты-жөнү аныкталып, айрымдары окуяны тактоо үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алып келинди. 

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда ок атылып, 36 жаштагы киши жабыркады. Чоо-жайы
Ага ылайык, 10-январда 21 жаштагы жергиликтүү тургун аталган жайда туулган күнүн белгилеген. "Ош шаарынын 1998-жылы туулган Г.Н. аттуу тургунунун туулган күнүн ресторанда белгилеп чыгышып жол боюнда турганда, туулган күндүн ээсинин досу С.У. азырынча белгисиз үлгүдѳгү куралдан асманга бир нече жолу ок чыгарган. Сурамжылоо иштеринин жүрүшүндѳ ок атуудан жабыр тарткандар болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматтары ыкчам иликтѳѳ, тергѳѳ амалдарын жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0