Өзүн "афган жоокерлери" деп атаган шылуундар 29 млн. сом пайда көрүшкөн

Жазылуу
Ушу тапта аскер прокуратурасы териштирүү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы өздөрүн "афган жоокери" деп атаган алдамчылар тууралуу билдирүү таратты.

Башкы прокуратура ЖМКларга чыккан "ведомстволор аралык комиссия сегиз жылдан бери мыйзамсыз негизде жеңилдиктерди колдонуп жүргөн адамдарга 129 миллион сом сарпталганын аныктады" деген маанидеги маалыматтарга көңүлүн бурган.

Кыргызстандыктар мыйзамды кантип бузушат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда паракорлук азайып, зордуктоо күчөдү. Кылмыш статистикасы
Учурда аскердик прокуратура аскерий комиссариаттар адамдарды Афганистандагы согушка катышты деп каттоого алган фактыларды иликтеп жатат.

Мыйзам бузуу фактылары Ош, Ноокат, Кадамжай, Кара-Суу райондорунда жана Мамлекеттик чек ара кызматынан катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекет 29,294 миллион сом чыгым тарткан.

Катталган факты боюнча 49 адамга Кылмыш-жаза кодексинин 166 ("Алдамчылык"), 304 ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 315 ("Документтерди оңдоо") жана 350-беренеси ("Жасалма документтерди колдонуу") боюнча иш козголду. Ошондой эле ведомстволор аралык комиссия териштирүү иштерин улантууда.

Адамдардын согушка катышкан-катышпаганын так аныктоо үчүн Россия, Өзбекстан, Украина жана СССРдин курамында болгон башка өлкөлөрдүн архивдерине сурамдар жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0