Нарында фура турак жайды сүзүп ичине кирип кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРГрузов въехал в жилой дом в Нарыне
Грузов въехал в жилой дом в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык кечээ, 19-январда, саат 23.30дар чамасында болгон.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Нарын шаарынын Шералиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн дубалын жүк ташыган унаа сүзүп, ичине чейин кирип кетти. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Кырсык 19-январда саат 23.30дар чамасында болгон. Анын кесепетинен айдоочу жаракат алган.

"Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, буту кыпчылып калган айдоочуну чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Андан башка жаракат алгандар жок", — деп айтылат маалыматта.

Фура сүзгөн тараптагы бөлмөнүн ичинде адамдар болгон эмес.

Кырсыктын сүрөттөрүн Facebook баракчасын жүктөгөн Мирлан Кадыров айдоочу эки суткадан бери уктабаганын жазган. Ошондой эле кырсык болгон жерге автоцинспекторлор келбегенин билдирди.

Ал эми Нарын шаардык милициясы Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя болгон жерге ыкчам топ барганын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0