Бишкекте түндө болгон жол кырсыгынан бир аял каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на Ошском рынке Бишкека
Крупный пожар на Ошском рынке Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. 21-январь күнү түнкү саат 00:35 чамаларында 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz менен Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаалар кагышканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Avensis унаасынын ичиндеги 34 жаштагы жүргүнчү аял каза болгон, 30 жаштагы айдоочу жабыркаган эмес. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү жаракат алып, Тез жардам кызматы алып кеткен.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0