Милиционер аралашкан жол кырсыктан каза болгон аял кош бойлуу беле?

CC BY-SA 2.0 / Jerry Lai / PregnantКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыктан каза болгон аял ӨКМде 2010-жылдан бери иштеп келген.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жүрөк үшүн алган жол кырсыгынан каза болгон 34 жаштагы аял Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеп келгенин министрдин орун басары Калыс Ахматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

21-январга караган түнү Бишкектеги 7-Апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz менен Toyota Avensis автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Toyota Avensis үлгүсүндөгү машинанын ичиндеги жүргүнчү аял каза болгон. Андан сырткары, экинчи машинанын айдоочусу менен жүргүнчүсү жабыркаган. Mercedes автоунаасын Октябрь РИИБинин 26 жаштагы кызматкери айдап бараткан. Күбөлөрдүн айтымында, рулда отурган милиционер мас болгон. Ошондой эле маркум аял кош бойлуу экени айтылган.

"Жол кырсыктан каза болгон Мээрман Асанканова ӨКМде 2010-жылдан бери иштечү. Тарбиялоо бөлүмүндө капитан болчу", — деди Ахматов.

Өз кезегинде Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директорунун орун басары Эрнис Акуновдун ырасташынча, маркум аялдын боюнда болгон эмес.

"Экспертиза учурунда аялдын жатынында чоң көлөмдүү шишик бар экени белгилүү болду," — деди Акунов.

Ушул нерседен улам маркумдун туугандары аны кош бойлуу деп ойлоп жүрүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0