Бишкекте автобус 16 жаштагы кызды коюп кетти

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖолду өтүп бараткан кыз. Архивдик сүрөт
Жолду өтүп бараткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын жол чийинден өткөнү айтылды.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте №7 автобус 16 жаштагы кызды коюп кеткенин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Бир аялдын өмүрүн алган жол инспектору мас болчу. ШИИБ түшүндүрмөсү видеодо - Sputnik Кыргызстан
Бир аялдын өмүрүн алган жол инспектору мас болчу. ШИИБ түшүндүрмөсү видеодо
Жол кырсыгы шейшемби күнү болжол менен саат 15.30дарда Чүй жана Жаш гвардия проспектилеринин кесилишинде болгон. Кыздын жол чийинден өтүп бара жатканы айтылып, өспүрүм ооруканага жеткирилди.

Автобустун айдоочусу 29 жашта экени белгилүү болду. Унаа атайын унаа токтотуучу жайга токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ушу тапта баштапкы тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0