Москвада жасалма авиабилет сатты делип кыргызстандык жигит кармалды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПокупка авиабилетов во Владивостоке
Покупка авиабилетов во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик ушуга окшош алдамчылык иштерге кабылып, жабыр тарткан жарандарды тиешелүү органдарга кайрылууга чакырат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россияда Москва — Бишкек, Москва — Ош жана ошол эле маршрут менен кайра кайтуучу авиакаттамдарга жасалма билет саткан деп шектелип Кыргызстандын 23 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Алданганы боюнча Москванын Замоскворечье районунун ички иштер бөлүмүнө жабыр тарткан Кыргызстандын 23 жаранынан арыз түшкөн.

"Мындан улам Кыргызстан ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү жергиликтүү укук коргоочулар менен биргеликте иштеп, 21-январь күнү алдамчылыкка шектүү адамды кармады", — деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик ушуга окшош алдамчылык иштерге кабылып, жабыр тарткан жарандарды тиешелүү органдарга кайрылууга чакырат.

Ал эми ИИМдин алдын ала маалыматы боюнча жаран жумуш учурунда авиабилеттерди жасап, аларды маалымат базасына киргизбей жүрчү. Мунун аркасы менен 700 миң рублдан ашык пайда көргөн. Жабырлануучулар тарабынан 20дан ашык арыз түшкөнү айтылат.

Элчилик менен министрлик авиабилет сатып алууда ортомчуларга кайрылбастан, атайын кассалардан алып, тийиштүү чек-талондорду талап кылууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0