Арестованный политик Садыр Жапаров

ЖАМК: Садыр Жапаровго чыккан соттун өкүмү кайра кароого жөнөтүлдү

692
(жаңыланган 14:36 25.01.2019)
Таалайбек Жапаров жаңы кодекстерге ылайык, соттор буга чейин чыгарган чечимдерин кайта карап чыгышы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык, мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши кайрадан кароо үчүн сотко жөнөтүлгөнүн парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун карашты. Ал биринчи окууга киргизилет. Анда Балдар жөнүндө кодекске, "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" мыйзамдар бар.

Таалайбек Жапаров жаңы кодекске ылайык, соттор буга чейин чыгарган чечимдерин кайтадан карап чыгышы керектигин кошумчалады.

"1-январдан тарта күчүнө кирген кодекстерге ылайык, абакта жаткан 9535 адамдын өкүмүн сотко кайра кароого жөнөтүшүбүз керек экен. Бул жерде абакта жаткан адамдын да макулдугу керек. Бүгүнкү күнү биз 3 миңден ашык соттун өкүмүн кайтадан сотко жөнөттүк. 10-15 күндүн ичинде баарын бүтүрөбүз. Соттор жаңы кодекстерге ылайык ошолорду карап чыгышы керек, анын ичинде Садыр Жапаровдун да иши бар", — деди ЖАМКтын төрагасы.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жаза мөөнөтүн өтөп отурат.

УКМК 2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган

692
Белгилер:
өкүм, сот, ЖАМК, Жогорку Кеңеш, Таалайбек Жапаров, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун сот иши (40)
Тема боюнча
Прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты
Садыр Жапаровдун иши жаңы жагдайдан улам кайра каралмакчы