Россиянын Пензасында жол кырсыгынан эки кыргызстандык көз жумду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүУборка снега в Москве
Уборка снега в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын 8 жараны түшүп бараткан минивэн жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын Пенза облусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки КР жараны каза болду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилиги таратты.

Билдирүүгө ылайык, каргаша 24-январь күнү болгон. Мында Toyota Alphard Нижний Новгород — Саратов жолунун 420-чакырымында жүк ташуучу ГАЗ унаасы менен кагышкан.

"Алдын ала маалымат боюнча минивэнде Кыргызстандын 8 жараны бара жаткан. Эки киши алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Дагы эки адам шаардык ооруканага жеткирилип, амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Айдоочу менен калган үч жүргүнчү жабыркаган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик укук коргоо органдарына расмий сурам жөнөткөнүн белгилеп, иш көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0