Фуражка сотрудника Министерстве Внутренних дел Кыргызстана и деньги. Архивдик сүрөт

Паракорлукка шектелип ИИМдин азыркы жана мурдагы кызматкерлери кармалды

422
(жаңыланган 15:45 25.01.2019)
КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 326-беренесинин ("Пара талап кылуу") негизинде кылмыш иши козголуп, шектелүүчүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ, 24-январь күнү, ички иштер органдарында учурда иштеп жаткан бир жана мурда иштеген эки кызматкери паракорлукка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин расмий сайтында жарыяланды. 

Шектелүүчүлөрдүн үстүнөн арызданып, Башкы прокуратурага Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылган. 

“Милиция кызматкери кылмыш ишин козгобоо үчүн жарандан 3 миң доллар талап кылган. 24-январь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын 31 жаштагы кызматкерин, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын издөөдө жүргөн 37 жаштагы мурдагы кызматкерин жана Ленин РИИБинин Криминалдык милициясынын 39 жаштагы мурдагы кызматкерин 2500 доллар накталай алып жаткан жеринен кармады”, — деп айтылат билдирүүдө. 

КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 326-беренесинин ("Пара талап кылуу") негизинде кылмыш иши козголуп, шектелүүчүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

422
Белгилер:
пара, кылмыш иши, милиция, ИИМ, Бишкек
Тема боюнча
Бир аялдын өмүрүн алган жол инспектору мас болчу. ШИИБ түшүндүрмөсү видеодо