Чек арадан келе жатышкан. Россияда 2 кыргызстандык каза болгон кырсыктын чоо-жайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мерт болгон келин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, ал эми эркек киши Ош облусунун Өзгөн районунан экени айтылат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын Пенза облусунда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктар Казакстандын чек арасына кирип кайра келе жаткан. Бул туурасында Москвадагы кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги" коомунун вице-президенти Улан Кошматов билдирди.

ДТП с кыргызстанцами на трассе Нижний Новгород — Саратов - Sputnik Кыргызстан
Россияда кыргызстандыктар каза болгон жол кырсыктын сүрөттөрү жарыяланды
Каргашалуу окуя 24-январь күнү болгон. Анда Toyota Alphard автоунаасы Нижний Новгород — Саратов жолунун 420-чакырымында жүк ташуучу ГАЗ унаасы менен кагышкан. Элчиликтин маалыматына ылайык, минивэнде Кыргызстандын 8 жараны бара жаткан. Эки киши ошол жерде мерт болуп, дагы эки адам шаардык ооруканага жеткирилган.

Кошматовдун айтымында, кырсыктаган мекендештер Москвада иштеп жүрүшкөн. Каргаша шаардан 700 чакырым алыстыкта болгон.

"Айдоочунун жанында 54 жаштагы киши, ошонун эле артында 26 жаштагы келин отурган. Алар автоунаалар сүзүшкөндө эле жан берген дешти. Эки киши ооруканада жатат, айдоочу жана дагы үч мекендешибиз жаракат алган эмес. Каза болгондордун сөөгү учурда Пензадагы өлүкканада сакталууда. Туугандары чыгып кетишкен, бүгүн түнү Москвага алып келишет. Эртеңден сөөктү Кыргызстанга жиберебиз", — деди Кошматов.

Мерт болгон келин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, ал эми эркек киши Ош облусунун Өзгөн районунан экени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0