Токмокто чек ара бекетинин жанында контрабандачылар атыша кетти

Жазылуу
Чек ара кызматындагы өздүк булактын билдиришинче, аткезчилер бир жума мурда өз ара мушташа кетип, бирок курал колдонууга чейин барган эмес.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Токмоктогу "Дунларов" көзөмөл өткөрүү жайынын жанында аткезчилер бири-бирине ок чыгарды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Мамлекеттик чек ара кызматындагы маалымат булагы билдирди.

Анын айтымында, окуя 26-январга караган түнү саат 3.00дөр чамасында болгон.

"Бир апта мурда бул аткезчилер өз ара жаакташып, бирок курал көтөргөнгө жеткен эмес. Түндө көзөмөл өткөрүү жайынын жанында алар кайрадан уруша кетип, курал алып чыгышкан. Учурда окуя болгон жерди милиция кызматкерлери тосуп койду. Нөөмөттө турган чек арачылар бул маалыматты таратпоо туурасында тил кат жазып беришти", — деди айтып берди маалымат булагы.

Бажы кызматы менен Чүй облустук милициясына чалып, бирок байланыша албадык. ИИМдин басма сөз кызматынан маалыматты текшерип жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0