Контрабандачылардын атышуусу боюнча Чек ара кызматы үн катты

© AFP / MLADEN ANTONOVИзолятор "Кэмп-Рэй" в Гуантанамо
Изолятор Кэмп-Рэй в Гуантанамо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, 25-январга караган түнү кыргызстандык киши артынан эки адам куугунга түшкөнүн айтып чек арачылардан жардам сураган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы "Токмок" көзөмөл-өткөрүү бекетинде ок атышуу болду делген билдирүүнү четке какты.

Маалымат кызматынын билдиришинче, 25-январда саат 05.38де өткөрмө бекеттин шлагбаумуна келген кыргызстандык артынан эки адам куугунга түшкөнүн айтып аскерлерден жардам сураган. Чек арачылар сыртка чыкканда мушташып жаткандар саат 5.40та ар тарапка качып кетишкен.

"Алдын ала маалыматтар боюнча өткөрүү пунктунун аймагынан октун, патрондун жана гильзанын изи калган унаа табылган жок", — деп айтылат маалыматта.

"Токмок" өткөрүү бекети Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.

Чек ара кызматындагы өздүк булак Sputnik Кыргызстан агенттигине 26-январга караган түнү саат 3.00 жана 5.00дөрдүн ортосунда контрабандисттер бири-бири менен атыша кеткенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0