Бишкек: көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыгып 5 адам эвакуацияланды. Видео

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге
Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо менен кармашууга эки өрт өчүрүүчү унаадан турган бригада чыгып кеткен.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Борбор калаанын Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатындагы батирден өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Тилсиз жоо тууралуу чакыруу саат 26-январда саат 22.16да түшүп, эки өрт өчүрүүчү унаадан турган бригада чыгып кеткен. 

“Өрт саат 23.03тө чектөөгө алынды. Учурда толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатат. Тилсиз жоо менен кармашууга барган кызматкерлер күйүп жаткан турак жайдан беш адамды эвакуациялашты”, — деп айтылат маалыматта. 

Светлана Антропова аттуу Facebook колдонуучу өрттүн видеосун баракчасына жөктөгөн. 

Алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алгандар жок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0