Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 4 жашар кыз табылбай жатат

Жазылуу
Издөө иштери 28-январь күнү улантылат.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районунда 27-январь күнү Чоң Чүй каналына түшүп кеткен төрт жашар кыз табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"112" кызматына кабар түшөрү менен ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулары жерине барып, издөө иштерин баштаган.

Тилекке каршы, натыйжа болгон эмес. Издөө иштери 28-январь күнү улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0