Караколдо унаа айдай качты делип өспүрүмдөр кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРКаракол шаарында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны айдап качкан делип 16 жаштагы эки өспүрүм кармалды
Каракол шаарында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны айдап качкан делип 16 жаштагы эки өспүрүм кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөрдүн бири уурулук жана каракчылык үчүн буга чейин соттолуп чыккан.

БИШКЕК, 28-янв.— Sputnik. Каракол шаарында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны айдап качкан делип 16 жаштагы эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу ЖКККББ маалымат кызматы билдирүүдө.

25-январда 39 жаштагы киши кимдир бирөөлөр унаасын айдап качты деген арыз менен милицияга кайрылган. Айтымында, кылмыш таңкы саат 7:00дөр чамасында болгон.

"Ысык-Көл облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү аталган иш боюнча күбөлөрдөн сураштырып, видеокамераларды карап, блокпостторду коюшкан. Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында, ошол эле күнү Кара-Ой айылынан 16:30дар чамасында 16 жаштагы М.А жана Ж.Р аттуу Каракол шаарынын тургундары колго түшүрүлгөн", — деп жазылат маалыматта.

Унаа жана кармалгандар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Шектүүнүн бири буга чейин каракчылык жана уурулук боюнча соттолуп чыккан. Тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0