Контрабандачылардын атышуусунда ок жегендер барбы? Милициянын жообу

© AFP / Johan ORDONEZПатрулирование улиц в деревне Ло де Рейес
Патрулирование улиц в деревне Ло де Рейес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетке көзөмөл өткөрүү жайындагы атышуудан ок жедим деген киши жараатын көрсөтүп жаткан видео тарады.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Интернеттеги YouTube каналына Токмок шаарына жакын жайгашкан "Токмок" көзөмөл өткөрүү жайындагы атышуудан ок жедим деген кишинин жараатын көрсөтүп жаткан видеосу жайгаштырылды.

Буга чейин аталган жерде 26-декабрда түнкү саат 03.00дөр чамасында атышуу болгондугу туурасында маалымат чыккан. Ал эми Чек ара кызматынан бул боюнча маалымат түшпөгөндүгүн билдиришкен

Анткен менен тартип коргоо кызматы ошол жердеги камера тартып калган учурларды текшерип, иликтөө башталган. Кийинчерээк Чек ара кызматы окуя болгон күнү аларга "артымдан кууп келе жатышат" деп эркек киши кайрылганын айтканын билдиришти. Чек арачылар көзөмөл өткөрүү жайынын аймагынан чыгып, мушташып жаткандарды арачалап, беркилер саат 05.38де тарап кеткенин билдирген. Алар эч кандай атышуу болгон эмес деген маалымат берген.

"Аталган факты боюнча учурда Чүй облустук милициясына жабыркагандардан бир дагы арыз түшкөн эмес. Бирок ЖМКларга ошол күнкү жарыяланган маалыматтардан улам Бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш кодексинин 266-беренесинин негизинде иш козголгон. Андан соң сотко чейинки териштирүүлөр башталган", — деп билдиришти милициядан.

Облустук милициядан окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары, Токмок шаардык ички иштер бөлүмү менен башкармалыгынын жетекчилиги барып, камерадан тартылган видеону көргөн. ЖМКлар менен социалдык тармактарга чыккан маалыматта айтылган кишилердин баары күбө катары сурак берген. Маалыматта алар аталган окуя боюнча эч нерсе билбей тургандыгын айтканы жазылып жүрөт.

"Видеодогу атышуудан жабырландым деп жаткан киши мурда ошол суракка катышкандардын бири", — деп айтышты милициядан.

Андыктан Чүй облустук ИИББден аны Токмок шаардык милициясына кайрадан суракка чакырып, денесиндеги жаракат боюнча суроо салганын билдиришти. Учурда сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0