Суусамырдын тургундарына лотерея сатып алдаган жубайлар кармалды

Жазылуу
Шектүүлөр Бишкектеги типографиядан 400 лотерея билетин жасатып, Суусамырга барып сатышкан.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Суусамыр өрөөнүнүн тургундарына лотерея сатып изин жашырган түгөйлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 2018-жылдын 13-декабрында Жайыл районуна караштуу Суусамыр милиция пунктуна 63 жаштагы аял кайрылган. Ал жазган арызында 2017-жылы белгисиз адамдар ишеничине кирип беш "Бактылуу лотерея" сатып, из жашырганын билдирген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин негизинде кылмышка шектелип 42 жаштагы Д.Т. менен 29 жаштагы А.А. аттуу адамдар кармалган. Тергөө учурунда экөө жубайлар экени аныкталды. Алар 2017-жылы акча табуу үчүн Бишкектеги типографиядан 400 билет жасатып, Суусамырга барып баарын саткан. Акчалуу болгондон кийин лотереяны ойнотпостон кетип калышкан. Шектүүлөр күнөөсүн моюндашты", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган түгөйлөргө алданган дагы тогуз кишинин арызы каттоого алынды.

Эгер башка дагы алдангандар болсо, 0(312) 22-15-58, 0(701) 10-40-14 номерлери аркылуу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө кабарласа болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0