"Ала-Тоо" аянтындагы митингде касташууга чакырык жасаган аял камалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг против незаконной миграции на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Митинг против незаконной миграции на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы 23-январда чыккан.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. 17-январда "Ала-Тоо" аянтында "Кытай экспансиясына" каршы өткөн митинг учурунда этникалык, улуттук жана расалык кастыкты козутууга чакырык жасаган 56 жаштагы аял соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, митинг учурунда анын катышуучулары Кыргызстандагы Кытай жарандарына карата бир катар нааразычылыктарын билдиришкен. Митинг аяктагандан кийин бир нече катышуучулар тарабай, милициянын коомдук тартипти бузбагыла деген буйругуна баш ийген эмес.

"Анын кесепетинен митингге катышкан 26 кишиге Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс боюнча айып пул салынган. Бул факты ошол эле күнү Биринчи Май РИИБдин эреже бузуулар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгү ("Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу") менен каттоого алынган. Митингчилердин мыйзамга каршы келген аракеттери боюнча сот-лингвистикалык экспертиза дайындалган", — деп айтылат маалыматта.

Митингге чыккандарды массалык кармоо учуру видеодо - Sputnik Кыргызстан
Митингге чыккандарды массалык кармоо учуру видеодо
Анын жыйынтыгы 23-январда чыгып, 1963-жылы туулган Гүлжамила Сапаралиеванын сүйлөгөн сөзүндө этникалык, улуттук жана расалык касчылыкты козутууга чакырык жасаганы аныкталган.

Ошол эле күнү аталган жаран Биринчи Май РИИБге алып келинип, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

25-январда Биринчи Май райондук прокуратурасы Сапаралиеванын камалышы боюнча райондук сотко өтүнүч келтирген. Сот Субанкулов шектүү жаранды кармоо мыйзамдуу болгонун, анын аракети оор кылмыштарга кирерин айтып, №1 тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Сотко чейинки тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0