Сокулукта милиционер коюп кеткен 11 жашар бала каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников патрульной милиции
Работа сотрудников патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу Чүй облустук милициясынын старшинасы экени аныкталган.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бүгүн эртең менен саат 7:10дор чамасында Бишкек — Ош жолунун 9-чакырымында Audi A6 автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу Новопавловка айылынан жөө кишилер өтө турчу жерден 11 жаштагы баланы коюп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

11 жаштагы бала алган жаракаттарынан кырсык болгон жерде өзүнө келбей каза болгон.

Айдоочу Чүй облустук милициясынын старшинасы экени аныкталган.

Сокулук РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан окуянын чоо-жайы иликтене баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0