БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Футбол боюнча Япония менен Ирандын курама командаларынын беттешинде күнчыгыштыктар 3:0 эсебинде жеңип, Азия кубогунун финалына чыкты.
Континеттин биринчилиги Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жатат. Кечээ жарым финалга чыгуучулар арасында беттеш Аль-Айн шаарындагы "Хаза Бин Зайед" стадионунда өттү.
Жеңиш алып келген топту германдардын "Вердер" командасына ойногон чабуулчу Юйя Осако жана форвард Генки Харакути киргизди.
Оюндан кийин Иран командасынын машыктыруучусу Карлос Кейруш оставкага кетерин жар салды. Экинчи финалист (Бириккен Араб Эмирлиги — Катар) бүгүн, 29-январда, аныкталат. Финал 1-февралда болот.Эске салсак, Азия кубогуна Кыргызстан катышып, татыктуу оюн өткөрүп келген. 1/8 финалга чыккан кыргыз футболчуларынын беттешине күйөрмандар ыраазы экендиктерин билдирип, аларды чоң салтанат менен тосуп алган.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайдын социалдык тармагында жетекчисин швабра менен башка-көзгө чапкылаган кыздын видеосу желдей тарады. RT басылмасы билдиргендей, эркек киши кызга асылып, ыплас билдирүүлөрдү тараткан.
Una empleada golpea a su jefe con una fregona por supuesto acoso
— RT en Español (@ActualidadRT) April 18, 2021
Un funcionario gubernamental chino fue despedido tras viralizarse un video en el que una empleada lo golpea con una fregona, supuestamente por acosarla con mensajes de texto no deseados. pic.twitter.com/ia2znLTUmd
Окуя 11-апрель күнү Суйхуа шаарында (Хэйлунцзян провинциясы) болгону маалымдалды. Кыздын шаардагы жакырчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысын швабра менен чапкылаган видеосу 14 мүнөткө созулат.
Билдирмеге ылайык, кытайлык кыз жетекчисинин туура эмес, ыплас билдирүүлөрдү жибергенине жини келген. Начальниги кыз швабра менен ургулай баштаганда кечирим сурап, тамашалап койгонун айткан.Видео интернетке желдей тараган соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында бөлүм башчынын кызматтан кеткени айтылды. Ошондой эле ал Кытайдын Коммунисттер партиясынын катарынан да чыгарылган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Интернетте шаркыратманын жанындагы шар аккан дарыя суусунда эркек кишинин бала менен агып бара жаткан видеосу тарады. Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, окуя Акмола облусунда болгон.
Күбөлөр тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, баласын кучактаган киши шар аккан суунун агымына туруштук бере албай агып бара жатат. Бир маалда ал суунун ортосунан ташты тиреп калып, токтогон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Аялынын айтканына көнбөй, атасы кызы менен шаркыратманын жанынан сүрөткө түшөйүн деген. Бул учурда кыз таштан кулап кеткен же атасы анын артынан секирген. Кызы атасын сууга ала түшүшү да мүмкүн. Бактыга жараша, эркек киши менен кыз суудан чыгарылган", — деди окуянын күбөлөрү.
Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган. Белгилүү болгондой, жабыркагандар Кокшетауда жашашат. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөткөн соң үйүнө жиберишкен.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.