Депутат Урмат Самаевдин архивдик сүрөтү

Чек арадагы атышуу боюнча ЖК депутаты Урмат Самаев сурак берип чыкты

831
(жаңыланган 20:33 29.01.2019)
Айрым маалыматтарга караганда, чек ара бекетиндеги атышууга бир нече контрабандачы менен ЖК депутаты да катышкан.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. "Токмок" (Дунларов атындагы) көзөмөл-өткөрүү пунктунда болгон атышууга Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев катышкан деген маалымат ЖМКларга чыккандан кийин эл өкүлү сурак берди. Бул туурасында Чүй ОИИБдин начальниги Самат Курманкулов билдирди.

Буга чейин аталган жерде 26-декабрда түнкү саат 03.00дөр чамасында атышуу болгондугу туурасында маалымат чыккан. Айрым маалыматтарга караганда, окуяга бир нече контрабандачы менен ЖК депутаты да катышкан.

"Биз өткөрмө бекеттин видео байкоосуна тартылган видеолорду карап чыкканыбызда депутат Урмат Самаев көрүнгөн жок. Бирок ЖМКга чыккан маалымат боюнча ишемби күнү Токмок РИИБге депутат да чакырылып сурак берди. Андан "тиешеңиз барбы, сиздин балдарыңыз жаңжал уюштурдубу, мыйзамсыз товарлар сизге тиешелүүбү" деп сураганбызда эч кандай тиешеси жоктугун айтты", — деди Самаев.

Мындан сырткары, ал ушул иш боюнча Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев да сурак бергенин кошумчалады.

Ал эми Чүй облустук милициясынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Улан Жукенов атышуунун кесепетинен алган жаракаттарын көрсөтүп жарыялаган видеодогу адам да суракка чакырылганын билдирди. Ал видеодо башынан, бутунан жана белинен жаракат алганын көрсөтүп жаткан.

"Видеодогу киши мурда күбө катары сурак берген. Бирок азыркы учурда анын кайсы жерде жүргөнү белгисиз. Атышууга күбө катары сурак берген дагы бир киши 29-январда түндө көкүрөк тушка ок жегенин айтып ооруканага келгени боюнча маалымат түшкөн. Ооруканага кайрылган Асхат деген адам видеого өзүнүн алган жараатын көрсөтүп, аны бир топ адам токмоктоп, бирөө атып салганын айтты", — деп билдирди Жукенов.

Учурда Асхат аттуу кишиге издөө жарыяланып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

831
Белгилер:
контрабандалык жүк, атышуу, Токмок
Тема боюнча
Коррупция тууралуу кабарлаган кишилерге эми сый акы берилет
Чүй милициясынын башчысы Токмоктогу атышууну ЖМКдан билгенине уялды. Видео
Терезени караган аял. Архивдик сүрөт

Кызы менен коштошкон боюнча жок. Жалал-Абадда 42 жаштагы аял изделүүдө

144
(жаңыланган 18:38 01.12.2020)
Бахтигүл Базарматова 25-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп кеткен боюнча үйүнө барган эмес.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында 42 жаштагы аял дайынсыз болууда. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Бахтигүл Базарматова аттуу аял 25-ноябрь күнү саат 15:30дар чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп кеткен боюнча үйүнө барган эмес. 

Пропавшая в Джалал-Абадской области Бахтигуль Базарматова
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
Жоголуп кеткет Бахтигүл Базарматова
"Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыктан, туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылат маалыматта.

Бахтигүл Базарматованын өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Ал башына сары, кара түс аралашкан жоолук салынып, тизеге жеткен боз түстөгү күрмө жана кара түстөгү шым кийип жүргөн. Бутунда такалуу кара түстөгү ботинка бар экени айтылды.

Дайынсыз жоголуп жаткан аял тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, милиция (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.

144
Белгилер:
белги, издөө, аял, милиция, Жалал-Абад
Тема боюнча
30 жыл полициядан качып жүргөн кишини эч ким издеген эмес. Кытайдагы окуя
Бишкекте 9 жаштагы Аяна Эмилбекова изделип жатат. Сүрөт
Суу алып аткан аял. Архивдик сүрөт

Баткенде жоголгон аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатат. Сүрөт

280
(жаңыланган 16:44 01.12.2020)
Кожонова сегиз күндөн бери дайынсыз болууда. Ал 23-ноябрь күнү кечки саат 20:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова коңшулаш Өзбекстан жана Тажикстандан да изделип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Без вести пропавшая 45-летняя Мактым Кожонова, которая пропала в Баткене 23 ноября 2020 года
© Фото / предоставлено пресс-службой полпредства правительства в Баткенской области
Жоголуп кеткен Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова

Анын айтымында, Кожонова сегиз күндөн бери дайынсыз болууда. Ал 23-ноябрь күнү кечки саат 20:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Жакындары издеп таба албай, милицияга кайрылышкан.

Факты Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бирдиктүү реестрге "Дайынсыз жоголуу" беренеси менен катталып, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.

Аялды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16 куткаруучусу, 15 милиционер жана жергиликтүү тургундар издеп жатышат. Бирок издөө иштери натыйжа бере элек.

Бүгүн, 1-декабрь күнү, аялдын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалаловго издөө иштерин көзөмөлгө алууну өтүнүп, кайрылышкан. Жалалов аларга укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын жана коңшулаш Тажикстан менен Өзбекстан республикаларында да издөө салынганын белгилеген.

Мактым Кожонова алты баланын энеси.

280
Белгилер:
милиция, издөө, жоголуу, Баткен
Тема боюнча
Инспекторлор шектүү унааны кууп, айдоочусун асманга ок чыгарып кармады
Кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам өткөрүү пункту. Архив

Кытай 3-декабрдан тарта Кыргызстанга көбүрөөк жүк ташууга уруксат берди

55
(жаңыланган 22:55 01.12.2020)
Кытай эртеңден баштап жүк ташыган автоунаалардын санын болжол менен суткасына 30га чейин көбөйтүүгө даяр. Каттамдар күн сайын жүргүзүлүп турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң Эркечтам жана Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду

Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган. Анын жыйынтыгы менен кытай тарап жумуш убактысын 8ден 12 саатка чейин көбөйтүү, ошондой эле өткөрмө пунктун дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштаган.

"Жүк ташыган автоунаалардын саны болжол менен суткасына 30га көбөйөт. Элчи "Эркечтам" өткөрмө пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын кабарлады", — деп айтылат маалыматта.

Новиков маселе ыкчам чечилгени үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өкмөтү кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларын жакшыртуу максатында кабыл алынып жаткан бардык аракеттерин колдоого алууга даяр экендигин белгилеген.

Жыйынтыгында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына өткөрмө бекеттерди кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

55
Белгилер:
автоунаа, пункт, өткөрмө, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылды
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды