Сокулукта тестиерди коюп кеткен милиционер убактылуу кармоо жайына киргизилди

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиСокулук районундагы Новопавловка айылында киши өтүүчү жерден 10 жаштагы баланы коюп кеткен милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Сокулук районундагы Новопавловка айылында киши өтүүчү жерден 10 жаштагы баланы коюп кеткен милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү экспертизалар дайындалып, автоунаа айып короого токтотулду. Аталган факты боюнча кызматтык териштирүү да башталды.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Сокулук районундагы Новопавловка айылында киши өтүүчү жерден 10 жаштагы баланы коюп кеткен милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгынан улам тестиер бала окуя болгон жерден өзүнө келбей каза болгон.

Окуя 29-январда эртең менен саат 7:10дор чамасында Бишкек — Ош жолунун 9-чакырымында болгон. Audi A6 автоунаасынын айдоочусу баланы коюп кеткен. Ал Чүй облустук милициясынын старшинасы экени аныкталган.

"Алдын ала маалымат боюнча айдоочу соо болгон. Аталган факты кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге Жол кыймылы коопсуздугунун эрежесин бузуу беренеси боюнча катталган. Айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, автоунаа айып короого токтотулду. Аталган факты боюнча кызматтык териштирүү да башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0