УКМК: лицензиянын көбү Зилалиевдин тушунда бөлүштүрүлүп кеткен

© пресс-служба мэрии города БишкекПрезентация гелиоколлекторов на территории КП "Бишкектеплоэнерго" в Бишкеке
Презентация гелиоколлекторов  на территории КП Бишкектеплоэнерго в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта 13 компаниянын Зилалиев менен болгон байланышы иликтенип жатат.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Тоо-кен тармагындагы лицензиялардын басымдуу бөлүгү мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин тушунда бөлүштүрүлгөн. Бул тууралуу УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анда жер байлыгын пайдалануудагы коопсуздук маселеси каралып жатат.

"Зилалиев комитеттин жетекчиси жана вице-премьер болуп турганда болгон лицензиянын үчтөн экиси бөлүштүрүлүп кеткен. Анын ичинде алтын, сууга берилген уруксаттар бар. Көмүр боюнча эле 333 лицензия берилген. Алар берилип, кайра чакыртылып, башкаларга өткөрүлүп турган. Албетте, мунун баары Зилалиев менен байланышы бар адамдарга берилген дегендикке жатпайт", — деди Кадыркулов.

УКМК жетекчиси мыйзамсыз баюу боюнча козголгон иштин алкагында Зилалиевдин 13 компания менен байланышы болгон факт иликтенип жатканын белгиледи. Ал компанияларды так атоодон баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0