Зордуктоого шектелип жаткан милиционер үй камагына чыгарылды

Жазылуу
Чүй ОИИББдин маалымдашынча, тергөөчү аны камакта калтырууну өтүнгөн.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Ысык-Ата райондук соту кыз зордуктады деп шектелип жаткан милиционерди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы.

Кыргызстандыктар мыйзамды кантип бузушат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда паракорлук азайып, зордуктоо күчөдү. Кылмыш статистикасы
Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну аны 27-январда түнкү саат 4:00дөр чамасында Новопокровка айылында Чоң Чүй  каналынын жээгинде зордукталганын айтып милицияга кайрылган. Аталган кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясынын кызматкери кармалган

Аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Аталган ишти тергеп жаткан тергөөчү шектүүнү камакта калтырууну өтүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0