Ошто улгайган кишиге кол көтөргөн балдардын ким экени аныкталды. Видео

Жазылуу
Учурда милиция видеодогу балдарды издеп жатат.

ОШ, 2-фев. — Sputnik. Милиция Ошто улгайган кишиге кол көтөргөн балдардын аты жөнүн тактады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык ИИБден маалымдашты. 

Окуянын видеосу социалдык тармакка жайылды. Анда көрүнүп тургандай, өспүрүмдөрдүн бири сумка көтөргөн кишиге кол көтөрүп, экинчи досунан бычак сураган. Үчүнчүсү болсо окуяны видеого тартып турган. Акырында карыган киши колундагы сумкасын таштап кетип калган. 

“Бул балдардын аты-жөнү такталды. Эми милиция аларды издеп жатат”, — дешти ШИИБден.

Бул окуя боюнча дагы экинчи видео тарады. Тасмага тартып жаткан киши улууларга кол көтөргөн туура эместигин айтып аларды урушуп жатканын угууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0