Бишкекте чет элдиктерди сабап, тоноп кетти дегендер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи применения физической силы в КР
Случаи применения физической силы в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучулардан арыз 4-январда эле келип түшкөн.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук криминалдык милициясы чет элдиктерди тоноого шектелген эки кишини кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы билдирди.

4-январда 102 кызматына чет элдиктердин үйү тонолгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Жабыркагандар алардын үйүнө белгисиз кишилер кирип келип күч колдонуп 4 уюлдук телефонду, 400 доллар жана 6 миң сом алып кетишкенин айтышкан. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин кызматкерлери дароо келишкен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси ("Тоноо") боюнча каттоого алынган.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары учурунда шектүү катары 31 жаштагы А.Р. менен 36 жаштагы С.Т. аттуу жарандар кармалып, Свердлов райондук соту аларды №1 убактылуу кармоо жайына эки айга камакка алды.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0