УКМК "Манас" аэропортунан бомба издеп жатат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСистема "Электронные ворота" (E-gate) в международном аэропорту "Манас"
Система Электронные ворота (E-gate) в международном аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-февралда саат 15:09да аэропортко бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери эл аралык "Манас" аэропортунан бомба издеп жатышат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн, 5-февралда, саат 15:09да аэропортко бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге УКМК менен ИИМдин кызматкерлери тезинен чыгып кетишти. Учурда шек жаратуучу кандайдыр бир заттарды издеп табуу аракеттери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Ал ортодо социалдык тармактын колдонуучулары аэропорттогу элди коопсуз жайга чыгарып жатышканы тууралуу жазышты.

УКМК кийинчерээк тактаган маалымат берди. Аэропорттогу бомба тууралуу коркутуу Кыргызстандагы авиакомпаниялардын электрондук почтасына 14.41де келгенин билдирди. Катта аны жардыруу үчүн таймер колдонулаары айтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0