Бишкектин дагы эки жерине "бомба коюлду" деген маалымат тарады

© Sputnik / Михаил Дудин"Бомбой" по улице Киевской оказалась сумка с вещами
Бомбой по улице Киевской оказалась сумка с вещами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак эле "Манас" аба майданында бомба бар деген маалымат түшкөн.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бүгүн болжол менен саат 15.30да Бишкекте бомба тууралуу эки жолу чалып кабарлашты. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Задержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша - Sputnik Кыргызстан
Эми "Ош" аэропортунан бомба изделүүдө
Кабарлагандар эки авиакассага бомба коюлганын айтышкан. Бири Панфилов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде, экинчиси Малдыбаев, 75 көчөсүндө жайгашкан.

Авиакассанын кызматкерлери эвакуацияланып, жеринде атайын кызматтар иштеп жатат.

Ал эми "Манас" эл аралык аэропортундагы бомба тууралуу УКМКга билдирүү саат 15:09да келип түшкөн. Окуя болгон жерге УКМК менен ИИМдин кызматкерлери дароо келип, аэропорттогу жүргүнчүлөр менен кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылган. Кийинчерээк жалган маалымат экени аныкталып, аба майдандын айланасынан эч нерсе табылган эмес.

"Манастагы" бомба тууралуу коркутуу Кыргызстандагы авиакомпаниялардын электрондук почтасына 14.41де келген. Катта аны жардыруу үчүн таймер колдонулаары жазылган. УКМК бул коркутуу чет өлкөдөн жасалганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0