Ош облусунунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунда эки ирет кар көчкү түшүп, натыйжада Daewoo Matiz унаасын басып калган.

Эки ирет түшкөн кар көчкү Matiz унаасын басып калды. Чоң-Алайдагы окуя

274
(жаңыланган 11:01 06.02.2019)
Көчкү 5-февраль күнү саат 18:40та жана 19:34тө түшкөн.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ош облусунунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунда эки ирет кар көчкү түшүп, натыйжада Daewoo Matiz унаасын басып калган. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 5-февраль күнү саат 18:40та жана 19:34тө болгон.

Жерине ӨКМдин кызматкерлери жана карды тазалоо үчүн тиешелүү техника тартылган.

Унаанын ичиндеги эки адам куткарылып, учурда абалы туруктуу экендиги айтылат. Алар өз машинасы менен жолун улантышкан.

274
Белгилер:
унаа, кар көчкү, ӨКМ
Тема боюнча
Калың кардан улам "Манас" аэропорту ишин токтотту
Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча маалымат таратты