Борбор калаада маршрутка менен Fit кагышып, 16 жаштагы жөө адам жабыркады

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүОбработка дорог противогололедными реагентами в Москве
Обработка дорог противогололедными реагентами в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматка караганда, маршрутканын айдоочусу жааган карга байланыштуу транспортту убагында токтото албай калган.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкекте эл ташыган маршрутка Honda Fit үлгүсүндөгү унаа менен кагышып кетти. Анын кесепетинен 16 жаштагы бала жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Жол кырсыгы 6-февраль күнү Дэн Сяопин менен Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде саат 13.00дө болгон. Алдын ала маалыматка караганда, маршрутканын айдоочусу жааган карга байланыштуу транспортту убагында токтото албай калган.

Өспүрүм ооруканага жеткирилди. Ал эми аталган факты Эреже бузуулар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге каттоого алынган. Унаалар болсо айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0