Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгы болуп, 13 жаштагы бала каза болду

Ноокат: соода күркөсүнө урунган минивэн 13 жаштагы баланы басып калган

556
(жаңыланган 22:19 06.02.2019)
Жол кырсыгынан 41 жаштагы жүргүнчү жаракат алган.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгы болуп, 13 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

  • Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгы болуп, 13 жаштагы бала каза болду
    Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгы болуп, 13 жаштагы бала каза болду
    © Фото / пресс-служба УОБДД Ошской области
  • Hyundai Starex автоунаасынын тормозу кармабай калып, соода күркөсүнө барып урунуп, 13 жаштагы баланы басып калган
    Hyundai Starex автоунаасынын тормозу кармабай калып, соода күркөсүнө барып урунуп, 13 жаштагы баланы басып калган
    © Фото / пресс-служба УОБДД Ошской области
  • Автоунаанын ичиндеги 41 жаштагы жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
    Автоунаанын ичиндеги 41 жаштагы жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
    © Фото / пресс-служба УОБДД Ошской области
1 / 3
© Фото / пресс-служба УОБДД Ошской области
Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгы болуп, 13 жаштагы бала каза болду

Ага ылайык, жол кырсыгы 4-февралда саат 18:00дөр чамасында болгон. Hyundai Starex автоунаасынын тормозу кармабай калып, соода күркөсүнө барып урунуп, 13 жаштагы баланы басып калган. Ал кырсык болгон жерден каза болгон. Автоунаанын ичиндеги 41 жаштагы жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Машинаны 25 жаштагы киши айдап келе жаткан.

Милиция териштирүү иштерин баштап, тийиштүү экспертиза дайындалды.

556
Белгилер:
Ноокат, Ош облусу
Тема боюнча
Борбор калаада маршрутка менен Fit кагышып, 16 жаштагы жөө адам жабыркады
Көмүр ташып келе жаткан КамАЗ Боом капчыгайынан оодарылып калды. Сүрөт
Ысык-Көл. Архив

Достору менен эс алып жүргөн. Ысык-Көлдө 36 жаштагы киши сууга чөгүп кетти

122
Куткаруучулар сууга чөккөн кишинин сөөгүн 27-майда таап, дароо туугандарына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск айылында 36 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 27-майда куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн суудан таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиргендей, сууга чөгүп кеткен Каракол шаарынын тургуну достору менен көл жээкке эс алууга барган. Болжол менен 17:00дөр чамасында көлгө түшүп жатып суудан чыкпай калган.

122
Белгилер:
ӨКМ, кырсык, Суу, Ысык-Көл
Тема боюнча
Таласта сууга агып кеткен 6 жашар баланын сөөгүн айылдаштары тапты
Тез жардам кызматы. Архив

Бишкекте кагышкан 6 автоунаа. Кырсыктан канча адам жабыркаганы айтылды

231
(жаңыланган 21:10 27.05.2020)
Кырсыктаган бардык транспорт каражаттары айып короого токтотулуп, кырсыктын себептери такталып жатат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Борбор калаанын Токомбаев — Байтик баатыр көчөлөрүндө катталган массалык жол кырсыгынан үч адам жабыркаган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, окуя 27-майда болжол менен түшкү саат 13:00дө болуп, видеосу буга чейин интернетке жарыяланган. Күбөнүн айтымында, жети автоунаа сүзүшкөн.

Кайгуул милициясынын алдын ала берген маалыматына таянсак, Hyundai, Mitsubishi, Hyundai Sonata, Subaru Legacy, Honda Fit жана Stepwgn үлгүлөрүндөгү алты автоунаа кагышкан. Учурда бардык транспорт каражаттары айып короого токтотулуп, кырсыктын себептери такталууда.

231
Белгилер:
автоунаа, жол кырсык, милиция, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ош—Бишкек жолундагы автокырсык: каза тапкан айдоочу бир үйдүн жалгыз уулу болгон
Бишкек: жолдун кесилишинде жети автоунаа сүзүштү. Кырсык учурундагы видео
Кыз лабораторияда коронавируска каршы антителолор бар экендигин текшерип жатат. Архив

Кыргызстанда COVID-19га антителого анализ тапшырса болобу? Министрликтин жообу

0
(жаңыланган 11:21 28.05.2020)
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде антителонун бар-жогун аныктоочу 4500 тест келери күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстан адамдын канында COVID–19га антителолор бар-жогун аныктаган тесттерди алууга кам көрүп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ага модератор адамдын канындагы коронавируска антителого анализ тапшырса болобу жана анын баасы канча турат деген суроо берди.

Үсөнбаевдин айтымында, учурда өлкөдө канча адам коронавируска каршы тура аларын билүү үчүн антителону аныктоочу тесттерди алып келүү боюнча иштер жасалып жатат.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде бизге уюмдан 4500 тест келет деп күтүп жатабыз. Азыр адистер тестти Кыргызстанда колдонуу боюнча программа дайындап, өлкө аймагында каттоодон өткөрүү боюнча иштер аткарылууда", — деди Үсөнбаев.

Маалыматка карагагда, мамлекет башка каналдар аркылуу дагы тесттерди издеп жатат.

"Эки тараптан сунуш болду, биз аларды иликтөөдөбүз. Баасын жана башка шартын айтуу азырынча эрте. Качан алар келип, колдонууга даяр болгондо жалпыга маалымдайбыз", — деди орун басар.

Эске салсак, буга чейин Бузулуктан Бишкекке автобус менен 413 кыргызстандык алып келинген. Ал эми Соль-Илецкиден 541 жаран мекенине кайткан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

0
Белгилер:
анализ, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал