Деревянный молоток судьи лежит в окружном суде в Карлсруэ. 26 июля 2005 года

Финпол экс-сотту текшерүүдө. Ишке Максим Бакиевдин жакындарынын тиешеси барбы

261
(жаңыланган 11:03 08.02.2019)
Иликтөөгө мамлекеттин балансына өтүшү керек болгон мүлктүн камактан чыгарылышы менен үйдүн сатылышы себеп болгон.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) Бишкекте жайгашкан жер тилкеси бар үйдү камактан мыйзамсыз чыгарган экс-судьяга карата баштапкы тергөө ишин баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондор аралык соттун Н.Ж. аттуу мурдагы судьясы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, туура эмес чечим чыгарган.

Тергөөнүн жүрүшүндө "Г.Э." ЖЧКсы "ЭДС" ишканасы менен сатуу-сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Ага ылайык, Скрябин, 45-45а дареги боюнча жайгашкан үй экинчи компаниянын менчигине өтүп кеткен.

Финпол сатылып кеткен мүлк камакта экенин, соттун чечими менен мамлекеттин менчигине өтүшү керек экенин белгиледи.

"Судья баарын билип туруп туура эмес чечим чыгарган. Ага ылайык, жогоруда аталган келишим жокко чыгарылып, мүлк "Г.Э." компаниясынын менчигинде калган", — деп айтылат маалыматта.

Чечимден улам мүлк камактан чыгарылып, үчүнчү жактарга сатылып кеткен. Баштапкы тергөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, аталган иште Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакындарынын аты аталган. 2017-жылы ошол кезде Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген Тайырбек Сарпашев соттун мүлктү камактан чыгаруу чечимин аткарып берген. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча ал мүлк Бекиевдердин жакындарына таандык болчу. Мекеме өкмөткө Сарпашевди кызматтан алуу сунушун киргизген. Сарпашев иштен алынып, бирок УКМК ага карата козголгон иште кылмыштын курамы жоктугунан улам токтоткон.

261
Белгилер:
кылмыш иши, Тайырбек Сарпашев, сот, Бишкек
Тема боюнча
Жалал-Абадда балдарды урган тарбиячы соттолду. Ата-энелер өкүмгө нааразы
Кылмышкер кайда жаза өтөрүн эми сот чечпейт. Жаңы кодекстеги негизги 4 аспект