Саламаттык сактоонун мурдагы министри Талантбек Батыралиевдин архивдик сүрөтү

УКМК: экс-министр Батыралиев өлкөгө 107 млн. сом зыян келтирген

260
(жаңыланган 10:26 09.02.2019)
Экс-министр Кылмыш-жаза кодексинин 320 жана 322-беренеси боюнча шектелүүдө.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоонун мурдагы министри Талантбек Батыралиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген шек менен билдирме тапшырылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кагаз ага 2019-жылдын 7-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 320 жана 322-беренеси боюнча жасалган кылмыштарга шектелип берилген.

"Батыралиев 2014-2018-жылдар аралыгында 4-стадиядагы бөйрөк илдетинен жапа чеккен бейтаптарга гемодиализ кызматы боюнча сатып алууларда мамлекетке пайдасыз бир нече келишимдерди түзгөн. Анын кесепетинен мамлекетке 107 миллион сомдон ашык зыян келген", — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышты.

260
Белгилер:
зыян, Талантбек Батыралиев, УКМК, Кыргызстан
Тема боюнча
Атамбаевдин экс-жан сакчысы суракка чакырылдыбы? Прокуратуранын жообу
Финпол экс-сотту текшерүүдө. Ишке Максим Бакиевдин жакындарынын тиешеси барбы