Зордукчунун бетин ит жеп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган окуя

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүИт. Архив
Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучу травматикалык шоктон каза болгондугун билдирген.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ысык-Көл райондук соту Чолпон-Ата шаарынын аймактарынын биринде аялын зордуктаган кишини сабап, жыныстык мүчөсүн кесип салган жаранды 14 жыл алты айга эркинен ажыратты. Бул туурасында аталган соттон маалымдашты.

Окуя 2018-жылы болгон.

Арест подозреваемых в КР - Sputnik Кыргызстан
Зордуктоого шектелип жаткан милиционер үй камагына чыгарылды
Соттук документте А.А. 16-август күнү болжол менен саат 23.30дар чамасында Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан мал сарайга мас болуп келип Т.Б. аттуу жаранды "сен менин аялымды эмне зордуктадың" деп союл менен сабап, бычак менен бир нече жолу сайып, жыныстык мүчөсүн кесип өлтүргөнү айтылган.

Соттук-медициналык экспертизасынын корутундусунда, Т.Б. аттуу кишинин травматикалык шоктон каза болгондугу жазылган.

Бир нече кабыргасы сынып ички органдарга кирип, ичине кан толуп каза болгондугу, мокок катуу жана сайылып-кесилүүчү буюмдан жаракат алгандыгы аныкталган. Ал эми каза болуп эшикке таштап салынган сөөктү ит оң жаак менен оң көз тарабын жеп кеткени айтылат.

Кылмышка шектелген киши зордукчулду өлтүрбөгөндүгүн, күч колдонуп сабап, кийимин чечтирип, өрттөп салып, үйүнө кирип кеткендигин айтып, кылган иши үчүн кечирим сураган.

"Соттук-психиатриялык экспертиза кылмыш жасаган учурда акыл-ээси соо, өз кыймыл-аракетине жооп бере алгандыгын аныктаган", — деп айтылат документте.

Каза болгон кишинин тарабы соттолуучуга эркинен өмүр бою ажыратуу боюнча жаза чектөөнү суранган.

Жаңылыктар түрмөгү
0