Караколдо мектеп окуучусу катуу сабалып каза болду

Жазылуу
Укук коргоочулар окуучу кыйнап өлтүрүлгөнүн тастыктаган белгилерди байкаган.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Караколдо №5 орто мектептин окуучусу киши колдуу болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 12-февралда, Каракол ИИБине саат 08.23тө унаа базарынын жанынан кишинин сөөгү табылганы боюнча маалымат түшкөн.

Случаи насилия над детьми - Sputnik Кыргызстан
Былтыр 6 наристе туугандарынын колунан ажал тапкан. Статистика
Укук коргоочулар киши кыйнап өлтүрүлгөнүн тастыктаган белгилерди байкашкан. Ошондой эле маркумдун жанынан кандын тактары бар таяк табылган.

Окуучу 18 жашта болгон. Ал 12-февралга караган түнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин ата-энеси билдирген.

Аталган факты Эреже бузуулар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча ("Адам өлтүрүү") териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0