Караколдогу окуучунун өлүмү боюнча 8 бала кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүШектүү. Архив
Шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция окуучунун өлтүрүлүшүнүн себебин айтты.

БИШКЕК, 12-фев. - Sputnik. Караколдо окуучунун өлүмү боюнча 8 окуучу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Кар учурунда бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө досунун туулган күнүндө жоголгон жигиттин сөөгү табылды
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 18 жаштагы окуучунун сөөгү мал базардан шейшемби күнү эртең менен табылган. Сөөктүн жанында союл да болгон. Маркум 12-февралга караган түнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча баштапкы тергөө амалдары башталды.

Шектүү катары сегиз окуучу кармалды. Алардын бирөө маркум окуган мектептин окуучусу. Ал 19 жашта болсо, калгандары 16, 17 жашта.

"Алдын ала маалымат боюнча балдар маркумга тиш кайрап жүрүшкөн. Кармалгандардын айтымында, маркум декабрь айында алардын бирөөсүн сабап, уюлдук телефонун тартып алган. Андыктан алар өч алууну чечишкен. Түндө сыртка чакырып чыгып, далдоо жерге алып келип, таяк менен чаап өлтүрүшкөн",- деп милициядан маалымдашты.

Кармалгандардын баары убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0