Микроавтобус вылетел в кювет на пересечении проспектов Чуй и Эркиндик

"Ала-Тоо" аянтынын жанында болгон таң калычтуу жол кырсыгы видеого түшүп калды

1861
Жол кырсыгы Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде болду.

БИШКЕК, 13 фев — Sputnik. Чакан автобус жолдун жээгине бүгүн, 13-февралда, таңкы саат 5.52де чыгып кеткен. Кадрларда көрүнүп тургандай, унаа токтоору менен ичинен спорттук кийимчен үч эркек чыгып, автобусту таштаган бойдон басып кетти.

"Бул жол кырсыгында криминалдын эч бир элементтери жок. Унаа бордюрга урунуп, андан ары жолдон чыгып кеткен", — дешти ЖКККББнын маалымат кызматынан.

Милициядан кошумчалашкандай, айдоочу менен эки жүргүнчү дароо эвакуаторго жөнөшкөн. Учурда автобус айып короодо.

  • Чакан автобус жолдун жээгине бүгүн, 13-февралда, таңкы саат 5.52де чыгып кеткен
    Чакан автобус жолдун жээгине бүгүн, 13-февралда, таңкы саат 5.52де чыгып кеткен
    © Sputnik / Таалайбек Ороскулов
  • Учурда автобус айып короодо.
    Учурда автобус айып короодо.
    © Sputnik / Таалайбек Ороскулов
1 / 2
© Sputnik / Таалайбек Ороскулов
Чакан автобус жолдун жээгине бүгүн, 13-февралда, таңкы саат 5.52де чыгып кеткен
1861
Белгилер:
милиция, автобус, жол кырсыгы, "Ала-Тоо" аянты, Бишкек
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (88)
Тема боюнча
Бишкек: мас милиционер кырсыкка кабылды, ал былтыр кафеде ок чыгарган