Сокулукта чирип, келемиш кемирип кеткен эркектин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглых заключенных в жилмассиве "Энесай"
Поиски беглых заключенных в жилмассиве  Энесай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Сокулук районунда 42 жаштагы эркекти кыйнап өлтүрүп, сөөгүн жер төлөгө катып койгон деп шектелген аял менен эркек кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

11-февраль күнү райондук милиция Сокулуктагы айылдардын бириндеги үйдүн огородунда жайгашкан жер төлөдөн европа тегиндеги адамдын сөөгүн тапкан. Сөөк табылган учурда ар кайсы жерин келемиш кемирип, чирип калган абалда болгон.

"Иликтөө учурунда маркум Ысык-Көл облусунун мурда соттолгон жараны болгону аныкталды. Ал болжол менен өткөн жылдын декабрь айында өлтүрүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдогу окуучунун өлүмү боюнча 8 бала кармалды
Издөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары маркум менен мурда чогуу жашап жүргөн 35 жаштагы аял жана 37 жаштагы эркек киши кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар бөтөлкөлөшүн чогуу ичип отурган жерден өлтүрүп коюшкан.

Аталган факты боюнча КРдин Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, шектелүүчүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0