Такси. Архивдик сүрөт

ИИМ: Бишкектин четинде таксистке кол салгандар кармалды

394
(жаңыланган 21:05 13.02.2019)
Колго түшкөндөрдүн бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстанда буга чейин соттолгон, таксисттин өмүрүнө кол салган кишилерди кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 28-январь күнү Калыс-Ордо жаңы конушунун жанынан саат 4:30дар чамасында таксист болуп иштеген 35 жаштагы жаранга кол салуу болгон. Кылмышка шектелип жаткандар "Ош" базарына жакын жерден таксиге отуруп, шаар четиндеги айылдардын бирине жеткирүүнү суранышкан.

Алар Калыс-Ордого жеткенден кийин айдоочуга мылтык такап унааны токтотууну буйруган. Таксист алардын колунан чыгып, качып кетүүгө үлгүргөн. Кылмышкерлер артынан кууп, ок чыгарган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренеси ("Адам өмүрүнө кол салуу") боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандардын бири уурулук, зордуктоо жана каракчылык боюнча айыпталып камалган. Түрмөдөн эки ай мурда эле чыккан. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Экинчи шектүү дагы буга чейин камалып чыккан.

394
Белгилер:
таксист, кылмыш, Калыс-Ордо
Тема боюнча
Караколдогу окуучунун өлүмү боюнча 8 бала кармалды