Сбои на ТЭЦ Бишкека. Архивное фото

ТЭЦтеги авариянын чыныгы себеби жана чыгымы так айтылды

503
(жаңыланган 12:20 14.02.2019)
Өткүрбек Жамшитов тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек ТЭЦиндеги авария эмнеден улам чыкканы да аныкталганын айтты.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 2018-жылдын 26-январында Бишкек ТЭЦинде болгон авариядан "Бишкекжылуулуктармактары" ААКы менен "Электр станциялары" ААКына жалпысынан 89 миллион 699 миң 230 сом зыян келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеш Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын себептеринин иликтениши жана оңдоого кеткен 386 миллион доллар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Ал ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек ТЭЦиндеги авария эмнеден улам чыкканы да аныкталганын айтты.

Алардын бири — "Электр станциялары" менен "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" кызматкерлери 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык иштерин жетиштүү деңгээлде өткөргөн эмес.

"Бишкек ТЭЦинин кышка даяр эместигин, тактап айтканда, цехтердин чатыры жана терезелери жок экенин билип туруп ал кемчиликтерди атайын жашырышкан. Мындан сырткары, күз-кыш жылытуу мезгилинде Бишкек ТЭЦинин сууну химиялык тазалоо жабдыктарынын 1-катарын демонтаж кылуу боюнча туура эмес чечим кабыл алынган. Жыйынтыгында жабдыктар максималдуу чыңалган учурда химиялык тузсуздандырылган суунун көлөмү жетишсиз болуп калган", — деди ал.

Жамшитов соттук-курулуш-техникалык жана технологиялык комплекстик комиссиянын экспертизасы авариянын себептерин аныктаганын айтты. Ага ылайык:

  • имарат жана техникалык жабдыктар күз-кыш мезгилине даяр болгон эмес;
  • химиялык сууну тазалоо жабдыгы түздөн-түз күз-кыш мезгилинен өтүү учурунда демонтаждалган;
  • ТЭЦтин техникалык-оперативдик кызматкерлери тарабынан катачылыктар менен шалаакылыктарга жол берилген.
503
Белгилер:
чыгым, авария, ТЭЦ, Бишкек, Жогорку Кеңеш
Тема:
ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар (70)
Тема боюнча
ТЭЦти оңдоо боюнча коррупцияга айыпталган 8 кишинин иши сотко өттү
Өкмөт эртең ТЭЦтеги авариянын териштирилиши боюнча маалымат берет
Башкы прокурор ТЭЦти модернизациялоонун зарылдыгынан күмөн санады
Тез жардам кызматы. Архив

Кара-Суу: чакырылган тез жардам унаасы талкаланып, кызматкерлер качып кутулду

30
(жаңыланган 22:27 29.10.2020)
Териштирүү иштеринде медиктердин унаасынын терезесин талкалаган адам мас болгону аныкталып, өзү кызматкерлер кеч келгени үчүн мындай кадамга барганын айткан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунда чакырууга барган Тез жардам кызматынын унаасын талкалап салышты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Ош шаардык Тез жардам кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн, 29-октябрда, саат 18:30дар чамасында Кара-Суу районунун Бирлешкен айылынын тургуну апасынын кан басымы көтөрүлгөндүктөн Тез жардам кызматын чакырган.

"Унаа 11 мүнөттүн аралыгында жетип барып, аялдын кан басымын өлчөп жатканда медиктерди чакырган жаран айдоочуну ур-токмокко алган. Андан соң автоунааны талкалап салган. Ал жерден фельдшер менен айдоочу араң качып чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.

Түндө Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып, 4 киши жабыркады. Видео

Ош облустук милициясынын билдиришинче, териштирүү иштеринде медиктердин унаасынын терезесин талкалаган 56 жаштагы киши мас болгону аныкталып, өзү мындай кадамга кызматкерлер кеч келгени үчүн барганын айткан. Учурда ал Кара-Суу РИИБге алынып келип, сурак берүүдө. Ошондой эле Тез жардам кызматынын айдоочусу менен дарыгери көрсөтмө берип жатышат.

Аталган окуя Кара-Суу РИИБ тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ээнбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

30
Белгилер:
айдоочу, тез жардам, Кара-Суу району
Тема боюнча
Араванда милиционерди себепсиз уруп жиберди делген киши кармалды
Кыргыз темир жолу ишканасында вагондорду араалап салышкан

Вагондорду араалап салышкан. "Кыргыз темир жолунун" бөлүм башчысы кармалды

207
(жаңыланган 15:26 29.10.2020)
Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришти.

  • Кыргыз Темир Жолу мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды
    "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган
    Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат
    Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Учурда чыгымдын көмөлү такталууда
    Учурда чыгымдын көмөлү такталууда
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГСБЭП
"Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды

Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган.

"Мындан улам мамлекетке материалдык чыгым келтирилген. Шарт боюнча, ишкананын балансында турган мүлк жарактан чыкса Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен макулдашуудан кийин гана жок кылынышы керек. Бирок фонд вагондорду жок кылууга уруксат кагазын бербегенин билдирди", — деп айтылат кабарда.

Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат.

Учурда чыгымдын көлөмү такталууда.

207
Белгилер:
чыгым, мыйзам, шектүү, коррупция, жетекчи, Кыргыз темир жолу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты
УКМК: коррупциялык иштерге күбө болгондор үчүн ишеним телефондор иштей баштады