Бишкектин ТЭЦи. Архивдик сүрөт

Жамшитов: ТЭЦти оңдоого жыл сайын бөлүнчү 400 млн. сомдун ичинен жеп турушкан

358
(жаңыланган 13:05 14.02.2019)
Күнөөлүүлөрдүн алды 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин оңдоого жылына бөлүнчү 400 миллион сомдон ашык акча ар кандай жеке фирмалар аркылуу айрым кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгына жумшалып жүргөн. Мындай жыйынтык тергөө иштеринин натыйжасында ачыкка чыкканын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеш Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын себептеринин иликтениши жана оңдоого кеткен 386 миллион доллар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Бишкек ТЭЦинде жылда болуп келген оңдоп-түзөө иштери да текшерүүгө алынып, натыйжада "АйМар Энержи" ЖЧКсы аркылуу акча каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу боюнча кылмыш иши козголгон.

"Тергөөнүн жыйынтыгы менен "Электр станциялары" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Боркоевге, техникалык директору Жусупбековго "АйМар Энержи" ЖЧКсынын башкы директору Ниязовго жана анын көмөктөшү Деркинбаевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 2- пунктулары менен ("Ишенип берилген мүлктү ыгайрып алуу же төлөмөр болуу"), 189-беренеси ("Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерди өткөрүүнүн тартибин бузуу"), 221-берененин 3-бөлүгү ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") жана 350-берененин 3-бөлүгү ("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды жасалмалоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу") менен иш козголуп, айыптары угузулган", — деди Жамшитов.

Эсептөө палатасынын актысына ылайык, мамлекетке 6 миллион 682 миң 28 сом зыян келтирилген.

Жогоруда аты аталгандардын иши сотко өтүп, Биринчи Май райондук соту 2019-жылы 22-январда өкүмүн чыгарган. Ага ылайык, Боркоев күнөөлүү деп табылып 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Жусупбеков 7 жылга, Ниязов 7, Деркинбаев 6 жылга эркинен ажыратылган.

Райондук соттун өкүмү менен келтирилген чыгым күнөөлүүлөрдөн өндүрүлөрү көрсөтүлгөн.

358
Белгилер:
коррупция, авария, ТЭЦ, Бишкек, Жогорку Кеңеш
Тема:
ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар (70)
Тема боюнча
Башкы прокурор ТЭЦти модернизациялоонун зарылдыгынан күмөн санады
Экс-төрага ТЭЦти оңдоо боюнча келишим эмнеге бир күндө кабыл алынганын айтты
Талкаланган кароолкана. Архивдик сүрөт

Жолтандабас айдоочусунун жоругу. Toyota талкалай сүзгөн кароолканадагы окуя

211
(жаңыланган 01:06 07.06.2020)
Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине мас айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Toyota айдоочусунан жабыркаган Темир Мырзабек, Бишкектин борборундагы окуя болгон жердин күзөт кызматкери Sputnik Кыргызстанга чатак боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

Милициянын маалыматына караганда, ал будканы 17:20 чамасында талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. Видеону Алимджан Валиев Facebook баракчасына жарыялады. Мырзабектин айтымына караганда, Toyota Land Cruiser жол тандабасынын айдоочусу болжол менен 17:20 чамасында бир топ эле катуу келип кирген.

"Мен жакындап барсам, мас экен. Айтыша кеттим. Урушкум келген жок. Кайра будкага келип отурдум. Ал короодон кайра айдап чыгып келе жатып, мен отурган кароолкананы үч ирет сүздү. Анын алдында чыга качканга үлгүрдүм. Баарын сөктү, кофейнянын дагы бир күзөт кызматкери менен урушту да машинасына отуруп кетип калды", — деди ал.

Айдоочу кирип келе жатып темир тосмону сүрүп кеткен.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Sputnik агенттигине ал аталган жерге келгенге чейин Ахунбаев көчөсүндө да жол кырсыкка кабылганын айтып беришти. Автокырсыктын кандай болгону аларга так маалым боло электигин айтышты. "Перехват" планы жарыяланып, издөө башталган.

30 жаштагы айдоочуну Кемин районунан кармашкан. Автоинспекторлордун бир нече ирет токто дегенине көнбөй, жолун улаган. Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

211
Белгилер:
куугун, блокпост, айдоочу, мас, Токмок, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

85
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

85
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты