Депутат Осмонбек Артыкбаевдин архивдик сүрөтү

Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаевдин камактагы мүлкүнүн суммасы ооз ачырат

5757
(жаңыланган 18:07 14.02.2019)
Бишкек ТЭЦинин оңдолушу боюнча козголгон кылмыш ишине айыпталгандардын камактагы мал-мүлкүнүн жалпы суммасы болгон 413 миллион 885 миң 392 сомду түзөт.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын себептеринин иликтениши жана оңдоого кеткен 386 миллион доллар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Жыйын учурунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов айыпталгандарга карата кандай кылмыш иштери козголгонун жана алардын камакка алынган мал-мүлкүнүн суммасын айтты.

Ага ылайык, мурдагы премьер Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри, депутат Осмонбек Артыкбаевге, анын мурдагы орун басары Айбек Калиевге, "Электр станциялары" ААКтын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовго, анын орун басары Жолдошбек Назаровго, "Электр станциялары" ААКтын аткаруучу директору, модернизациялоо тобунун башчысы Темирлан Бримкуловго КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 3-бөлүмү жана 303-берененин 2-бөлүмү ("Коррупцияны аткарууда шериктештик кылуу") боюнча, ал эми мурдагы финансы министри Ольга Лавровага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен айыптары угузулуп, бөгөт коюу чаралары тандалган.

Андан сырткары, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн айыпкерлерге таандык болгон 413 миллион 885 миң 392 сомдук кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнө камак коюлган.

Айыпталгандардын камакка алынган мал-мүлкүнүн көлөмү төмөнкүдөй:

Сапар Исаков — 1 миллион 801 миң 833 сом;

Жантөрө Сатыбалдиев — 44 миллион 394 594 сом;

Осмонбек Артыкбаев— 259 миллион 953 миң 278 сом;

Айбек Калиев — 19 миллион 573 миң 310 сом;

Салайдин Авазов — 67 миллион 846 миң 570 сом;

Жолдошбек Назаров — 1 миллион 782 миң сом;

TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек — 18 миллион 537 миң 200 сом.

Депутат Рыскелди Момбеков башкы прокурор берген тизмеде мурдагы каржы министри Ольга Лаврованын камакка алынган мал-мүлкүнүн суммасы жазылбаганын айтып: "Эмнеге бардыгын бирдей шартта карабайсыңар?" — деп Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.

Ал өз кезегинде Лавровага тийиштүү мүлктөр конфискацияланганын, тергөө иштери бардыгына тегиз бирдей жүрүп жатканын айтты.

5757
Белгилер:
камакка алуу, кылмыш иши, ТЭЦ, Жогорку Кеңеш, Бишкек
Тема:
Бишкек ТЭЦтеги авария (84)
Тема боюнча
ТЭЦтеги авариянын чыныгы себеби жана чыгымы так айтылды
Башкы прокурор ТЭЦти модернизациялоонун зарылдыгынан күмөн санады
Экс-төрага ТЭЦти оңдоо боюнча келишим эмнеге бир күндө кабыл алынганын айтты

Караңгыдагы алоолонгон жалын. Бишкектеги өрттүн асмандан тартылган видеосу

119
Бүгүн иңир кирген маалда Бишкек шаарынын чок ортосундагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан имарат жалынга чулганды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Москва менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкканы боюнча кабар саат 20:40та келген. Алгач өрт өчүрүүчү бир бригада чыгып кетип, андан кийин ага дагы бирөө кошулду.  Ал эми саат 21:30да тилсиз жоону үч бригада өчүрүп жатканы белгилүү болду. Бир аздан соң Москва көчөсүнөн ылдыйыраак Раззаков көчөсүндөгү имараттын күйүп жатканы аныкталды.

Видеодон өрттүн масштабы абдан чоң экендигин көрүүгө болот.

119
Белгилер:
ӨКМ, өрт, имарат, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунда “Навигатор” кафесинин жанындагы имарат өрттөнүп жатат. Видео

Бишкектин чок ортосунда “Навигатор” кафесинин жанындагы имарат өрттөнүп жатат. Видео

544
(жаңыланган 21:14 11.08.2020)
Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан кафенин жанындагы имараттан өрт чыкты. Бул туурасында окуяга күбө болгондор кабарлашты.

Күбөлөр Navigator кафесинин жанында экенин айтышты.

“Москва менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан өрт чыккан. Саат 20:40та ал жерге өрт өчүрүүчү бир бригада жөнөп кетти”, — деп билдиришти ӨКМден.

Ал эмне имарат экендигин так билдиришкен жок.

544
Белгилер:
ӨКМ, өрт, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин 11-кичи районундагы быкшыган түтүн токтой элек. Видео
Сотрудники правоохранительных органов во время акции протеста в Минске

Минскиде милиция демонстранттарды борбордон сүрүп чыга баштады

0
(жаңыланган 01:25 12.08.2020)
Аскерлер желим октору бар куралдар жана тарсылдак гранаталар менен камсыздалган. Деген менен аларды колдоно элек.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Беларустун ички аскерлери жүздөгөн митингчилерди "Пушкин" метросунан Минскинин түндүк-батыш тарабына сүрүп таштаганын РИА Новости жазды.

Оппозициячыл тарап 10-августта милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болгон жерге шейшемби күнү кечинде дагы чогулган.

Милиция аларды шаар четине сүрүп чыгарып жатат. Каршылык көрсөткөндөр жана баш ийбегендер кармалууда.

Аскерлер желим окторду атуучу куралдар жана тарсылдак гранаталар менен камсыздалган. Деген менен ал куралдарды колдоно элек. Азырынча калканына дубинканы чапкылоо менен чектелүүдө.

Метро жана ага жакын жердеги дүкөндөр жабылган. Минск шаарынын борбордук бөлүгүнө атайын даярдыктагы аскерлер жайгаштырылып, абалга көзөмөл жүрүүдө.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкты. Анын атаандашы Светлана Тихановская 10,09 пайыз менен экинчи сапка чыккан.

Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен

Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес тарап нааразычылык акциясын уюштуруп, эл менен милициянын ортосунда кагылышуу чыккан. Акция учурунда үч миңдей адам кармалып, уюштуруучуларга жана катышуучуларга кылмыш иштери козголгон.

0
Белгилер:
акция, шайлоо, Митинг, Беларусь
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен