УКМК: ИИМдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары жана конверт. Архив
АКШ долларлары жана конверт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын подполковниги бүгүн, 14-февралда, колго түшкөн.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын Өзгөчө кылмыш иштерин иликтөө боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү 1700 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, бүгүн, 14-февралда, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы оперативдик иш-чараларды жүргүзгөн.

"Ж.Н. аттуу милициянын подполковниги буга чейин Эреже бузуулар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Акча талап кылуу") боюнча козголгон иштин негизинде кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0