Бир тууган агасынын кызын зордуктоого аракет кылган. Аксыдагы чуулуу окуя

Жазылуу
Үч баласы бар 28 жаштагы кылмышкер жети жаштагы кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен аялы көрүп калган.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Аксы райондук соту жети жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган адамды беш жыл алты айга эркинен ажыратты. Бул туурасында аталган соттон маалымдашты.

Чыгарылган өкүмгө ылайык, окуя 2018-жылдын сентябрь айында болгон.

Үч баласы бар 28 жаштагы киши мас абалында бир тууган агасынын 2011-жылы төрөлгөн кызын зордуктоого аракет кылып жатканда өзүнүн келинчеги көрүп калган.

Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зордукчунун бетин ит жеп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган окуя
Соттук отурумда кылмышкер кылганын мойнуна албай, аялы аны ак жерден күнөөлөгөндүгүн билдирген. Ал эми жабырлануучунун апасы кайниси кызды жаткырып алып колу менен оозун басып, шымын, ич кийимин чечкенин, кызынын сөзүнө таянып айтып берген.

Сот айыпталуучунун кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында күнөөсүн мойнуна албагандыгын жана жашы жете элек кызга карата жасаган жоругун оор кылмыштардын катарына кошуп, зордукчуну беш жыл алты айга темир торго кести.

Жаңылыктар түрмөгү
0