ШИИБ: Бишкекте уурдап алган телевизорун көтөрүп бараткан киши колго түштү

© Sputnik / Саид ЦарнаевТелевизор. Архив
Телевизор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаранды тинтүү учурунда жанынан көптөгөн баалуу буюмдар табылган.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте милиция кызматкерлери телевизор уурдады деген шек менен бир кишини кармады. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Милиционерлер эртең менен Батыш автовокзалынын айланасын карап жүрүп, чоң телевизорду көтөрүп бараткан кишини байкашкан. Аны токтотуп милиция бөлүмүнө алып барышкан.

Намаз окуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги мечиттен уюлдук аппарат уурдоого шектелген улан кармалды. Сүрөт

Тинтүү учурунда жанынан 8 уюлдук телефон, моюнга такчу чынжырча жана сөйкөлөр табылган.

Милициядан маалымдашкандай, буга чейин Биринчи Май райондук ИИБине жарандан арыз түшкөн. Ал 5-февралга караган түнү үйүнө ууру кирип телевизор жана уюлдук телефондорун алып кетишкенин айткан. Жалпысынан 22 миң сомго зыян тарткан.

Аталган факты боюнча баштапкы тергөө иштери башталып, шектүү катары кармалган 33 жаштагы жаран эки айга тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0