Санкт-Петербургда университеттердин биринин шыбы урап түштү

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербург маалымат технологиялары, механика жана оптика улуттук изилдөө университетинин бешинчи кабатынан экинчи кабатына чейинки бетон шыбы урап түшкөн
Санкт-Петербург маалымат технологиялары, механика жана оптика улуттук изилдөө университетинин бешинчи кабатынан экинчи кабатына чейинки бетон шыбы урап түшкөн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имараттан 81 киши коопсуз жайга чыгарылды.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы Маалымат технологиялары, механика жана оптика улуттук изилдөө университетинин бешинчи кабатынан экинчи кабатына чейинки бетон шыбы урап түшкөн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Ага ылайык, Ломоносов атындагы көчөдө жайгашкан имарат беш кабаттуу.

​Кырсык болгон учурда имаратта факультативдик сабактар өтүлүп жаткан. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Имараттан 81 киши коопсуз жайга чыгарылды.

ӨКМдин маалыматы боюнча оңдоо иштери учурунда техникалык коопсуздук сакталбаган имараттын шыбы урап түшүшү ыктымал.

Кырсык болгон жерге тийиштүү кызматтан тышкары шаар бийлигинин өкүлдөрү да келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0