Насыясын төлөө үчүн ишкер аялдын үйүн жардырып... 90-жылдардагы кылмыштар

© AP Photo / Serbian Ministry of InteriorВзрывчатые вещества, изъятые сербской полицией
Взрывчатые вещества, изъятые сербской полицией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда февраль айында чыккан гезиттерди барактап, ошол кездеги чуулуу кылмыштарды тизмектейт.

Тизмеде акчанын айынан чет элдиктерди барымтага алган топ, карызын төлөш үчүн ишкер келиндин үйүнө бомба койгон киши жана пенсионерлерди мыкаачылык менен өлтүргөн жаштардын былыктары бар.

Мыкаачы жаштар

Төрт кылмышкер пенсия курагындагы кишинин тамына ууруга кирип, короодон үйдөгү үч кишини балталап өлтүргөн. Андан соң кожойкени муунтуп, бычактап, үйдөгү оокаттарды жыйнап кетишкен. Сот 20-27 жаш курактагы төрт эркектин экөөсүн 10 жана 11 жылга эркинен ажыратса, экөөнө атылсын деген өкүм чыгарган.

Ишкердин үйүнө бомба койгон рэкет

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шеригин бычактап, башын бакчага ыргытып ийген... 90-жылдардагы кылмыштар
24 жаштагы шылуун телефон чалып ишкер аялды коркутуп, 3000 доллар талап кылган. Көздөгөнү ишке ашпаганда келиндин үйүнө жардыруучу каражат коюп элди дүрбөлөңгө салган. Жардыруудан турак жай катуу жабыркап, бактыга жараша, жаракат алгандар, көз жумгандар болгон эмес. Укук коргоо органдары аны атайын операция өткөрүп, ири суммадагы акчаны таштанды челектен алып жаткан жеринен кармаган. Тергөө маалында колго түшкөн киши өзүнүн насыясын төлөй албай, карызы күндөн-күнгө көбөйгөндүктөн ушундай кадамга баргандыгын айткан.

Чоң муштум дзюдочулар

"СССРдин дзюдо боюнча спорт чебери" болгон эки киши ишкерлерди коргоп күн көрүп, акчалуулардын маселесин чечип келишкен. Тыйын бергиси келбегендер болсо, аларга күч колдонушкан. Кийин чоң муштумдар колго түшүп, бирок прокуратура аларды кое берип жиберген. Ошентип сегиз айдан кийин алардын бирөөсү погончондорго такыр эле таптырбай кеткен.

Ок жеп көз жумган ишкерлер

Бишкектин чок ортосундагы батирлердин бирин ижарага алып акча алмаштырып иштеген эркек менен аялды кылмышкерлер түндө келип атып өлтүргөн. Бири башына ок жесе, экинчиси муунтулуп бир нече жолу атылган. Алар 10 миң доллардай акчаны алып из жашырып кетишкен.

Бомба саткан аскер кызматкери

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суу кече качкан, арак ичип отуруп пара алган аткаминерлердин иши эмне болду
Борбор калаада унаа жарылып, бир жүргүнчү көз жуумп, айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилген. Кийин укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп, аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасынын мурдагы жетекчиси издөөгө алынган. Бирок шектүү эки жумадан кийин прокуратурага өзү келип, жардыруучу каражатты колго жасап саткандыгын айткан. Сатып алгандар аны автомашинанын ичине алып жүргөндө жарылган.

Январь айындагы чуулгандуу соттук чечимдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Маалыматтар 1994-жылы чыккан гезиттерден алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0