Кыргыз-өзбек чек арасынан 10 кап табылды. Ичинде эмне бар эле?

© Фото / пресс-служба ГТС КРКонтрабанда на юго-западной таможне в селе Кызыл-Кыштак
Контрабанда на юго-западной таможне в селе Кызыл-Кыштак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каптар өткөрүү пунктунан анча алыс эмес жерден табылган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан ичинде контрабанда товарлары салынган 10 кап табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Каптарды Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы түштүк-батыш бажы бөлүмүнүн кызматкерлери эки өлкөнү бөлүп турган "Достук" өткөрүү пунктунан анча алыс эмес жерден табышкан. 

© Фото / пресс-служба ГТС КРКонтрабанда на юго-западной таможне в селе Кызыл-Кыштак
Кыргыз-өзбек чек арасынан 10 кап табылды. Ичинде эмне бар эле? - Sputnik Кыргызстан
Контрабанда на юго-западной таможне в селе Кызыл-Кыштак

Мүшөктөрдүн ичинде 500 миң сомдук футболка, фартуктар бар болуп чыккан. Аларды Өзбекстандан Кыргызстанга белгисиз адамдар алып киришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0